Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кичи футбол боюнча “Мурас” турнири өтүп жатат

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кичи футбол боюнча “Мурас” турнири өтүп жатат. Ага жалпысынан 16 команда ат салышууда.

Тайпалык этаптар “Газпром” спорткомплексинде жана Спорт ордосунда өтүп жатат. Биринчи оюнда президенттин командасы “Алга” командасын 5:1 эсебинде утту. Биринчи голду Жапаров киргизди.

Эртең финалдык этап болот. “Мурас” турнири былтыртан бери уюштурулууда, буга чейин эки жолу өткөн.