Чет жактан келген акчаны ошол валютада бербей жаткан банктар аныкталса, аларга карата чара көрүлөт

Чет жактан жөнөтүлгөн акчаны ошол валютада берүүдөн баш тартып жаткан коммерциялык банктар аныкталса, аларга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени көтөргөн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Ал мындай көйгөйгө туш болгондор башкы банкка кайрылып, арыз жазышы керектигин билдирди.

“Орусиядан акча рубль түрүндө которулса, бул жакта да рубль менен берилиши керек. Эгер банктар рубль бербей, сом алгыла деп кардарларды мажбурлап жатса, бул мыйзам бузуу. Ошондой фактылар болсо, бизге кайрылса, Улуттук банк тиешелүү чара көрөбүз”, — деди ал.