Эки жума иштеген “Керемет Банктын” төрагасы Алмаз Айбалаев кызматтан кетти

“Керемет Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Айбалаев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты.

Алмаз Айбалаевдин эмне себептен кызматтан кеткендиги тууралуу так маалымат жок. Белгилей кетсек, ал бул кызматта эки жума гана иштеген.

Буга чейин Алмаз Айбалаев Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Айнура Айбалаеванын бир тууганы экени белгилүү болгон. Ошол эле учурда Улуттук банк бул фактыны кызыкчылыктардын кагылышы деп эсептебейт, анткени Айнура Айбалаеванын ишмердүүлүгү «Керемет Банктын» ишине эч кандай тиешеси жок. Белгилей кетсек, финансы институтунун негизги акционери КР Улуттук Банкы эсептелет.