Монополияга каршы кызматтын төрагасы кызматтан кетти

Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Өзүнүн кызматта туршандагы ишмердүүлүгү боюнча ал мындай дейт:
“Бул кызматта турган учурум дүйнөлүк экономиканын өзгөрүшүнө, баалардын кескин көтөрүлүшүнө туш келди. Ошондуктан бир топ жаңы ыкма менен иштөөгө туура келди. Эң негизгиси – ички базарда тартыштыкка жол берген жокпуз, кырдаалды эске алуу менен жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык. “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга президент кол койду. 2023-жылдын 18-июлунан тарта күчүнө кирди. Жетекчи болгон эки жылда бюджетке 500 миллионго жакын акча чегерилди. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоодо жаңы ыкмаларды колдонууга байланыштуу мыйзамдар өзгөрдү, аймактарда да ишти күчөттүк”, – деп жазды.

Тайлаков билдиргендей, ал кызматтан кетүү тууралуу арызын 14-августта жазган.

Эскерте кетсек, Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп 2022-жылдын февралында дайындалган. Ага чейин Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору кызматын ээлеп турган (2021-жылы апрель айында дайындалган). Аталган агенттиктин макамы кийин кызмат болуп өзгөртүлгөн.