Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери туристтик аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда

Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бакай-Ата РИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Бактыбек Сарыбаев жана өздүк курам көчмө кабылдама менен биргеликте райондун айыл аймактарында жана туристтик эс алуучу жайларда, ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле тарыхый музей, маданият үйлөрү жана айыл аймактарында жайгашкан кафе, ашканалар текшерилди. Кылмыштуулукту жана ар кандай кырсыктарды болтурбоо үчүн жеркиликтүү жарандарга коопсуздукту камсыз кылуу максатында 102 же болбосо аймактык тескөөчүлөргө кабарлоого чакырды.

6917d9cc ff0c 4910 a492 3e7d96c2cfcb Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери туристтик аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда
6e8eb41e 1b15 4f61 a0f2 3f7135fdca3e Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери туристтик аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда
a454d7c1 822e 4afe aa7b a7930326181e Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери туристтик аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда