Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,15-август күнү Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Алдамчылык) боюнча баюунун жеке кызыкчылыгын көздөп, алдамчылык жолу менен Кыргыз Республикасынын жараны Б.Д.К.нын ишенимине кирип алып, санариптик активге ээ болуу максаты менен мыйзамсыз түрдө 1 миллион 800 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү криптовалютаны ээлеп алган Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.