Бишкекте поезд менен жүк ташыган унаа кагышты

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкекте поезд менен жүк ташыган унаа кагышкан кырсык боюнча маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-августта саат 16:15 чамасында Бишкек-1 станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө маневрдик поезд менен көмүр ташыган чиркегичи бар КамАЗ жүк ташуучу унаа кагышкан.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын комиссиясы жеринде КамАЗ`дын айдоочусу жол белгилеринин талаптарын эске албай, жакындап келе жаткан поездге карабастан, темир жолго чыгып кеткендигин аныктаган. Натыйжада ошол темир жол менен бара жаткан маневрдик поезд КамАЗ менен кагылышып, жүк ташуучу унаа капталына оодарылып кеткен.

Белгиленгендей, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.