Кара-Балта шаарында поезд 2 жаштагы баланы сүзүп кетти

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында поезд 2 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Бүгүн, 8-апрелде саат 16:30дар чамасында Фрунзе көчөсүндө 2 жашар баланы поезд сүзүп кеткен. Ал оор абалда Жайыл районундагы ооруканага жеткирилген.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, бала башка балдар менен бирге аянтчада ойноп жаткан. Бир маалда ал жолдон чуркап өтүп, темир жолго чыга калган. Поезддин машинисти баланын рельсте отурганын көрүп, коңгуроо каккан. Бирок жергиликтүү тургундар баланы сактап калууга үлгүрбөй калгандыктан, поезд баланы сүзүп кеткен.

Жабырлануучу 2021-жылы туулган Б.уулу М экенин белгилүү болгон. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө.

Ал ар кандай жаракаттарды алган. Алсак, баланын баш жана бет сөөктөрү сынган.