Улуттук банк акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту

Улуттук банкттан билдиришкендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү акча алмаштыруучу бюролорунун лицензияларынин ишин токтотулду:

— Бишкек шаары, Менделеев көчөсү, 9 б дареги боюнча жайгашкан «Ийгилик Али» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 6411 лицензиясы;

— Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан «Силквей» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы.