Бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы жүгүртүүгө чыгарылды

2023-жылдын 10-майынан тартып Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жаңы банкноттор Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата чыгарылды.

Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок.

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.

77 Бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы жүгүртүүгө чыгарылды
66 2 Бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы жүгүртүүгө чыгарылды
55 Бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы жүгүртүүгө чыгарылды
44 Бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы жүгүртүүгө чыгарылды
33 1 Бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы жүгүртүүгө чыгарылды