УКМК: жасалма чет элдик валютаны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

     Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө каршы аракеттенүү линиясында кылмышкерлерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын УКМКсы иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик валюта банкнотторун ташуу боюнча туруктуу каналы аныкталды.
      "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жасалма акчаны мыйзамсыз алып кирүү каналын токтотуу максатында, 2023-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине караштуу Мамлекеттик баажы кызматынын ыкчам бажысы менен өз ара аракеттенүүсүндө, "Ош-Аэропорт" өткөрүү пунктунан өтүүгө аракет кылганда, 1986-жылы туулган Түркия Республикасынан келген эки чет элдик жаран А.Ф.Ш., жана 1988-ж.т. Н.Ш.Ш. кармалды, жеке тинтүү учурунда 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма чет элдик валюталар табылган", - деп айтылат маалыматта.

      Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 
a925272f 83b6 48ac 8b4d 11de8fb220ac УКМК: жасалма чет элдик валютаны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
fc0b7230 f800 4937 8a8e b137586569ff УКМК: жасалма чет элдик валютаны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды