ВИДЕО: Кара-Сууда уурдоо фактысына шектелген жарандар кармалды

Бул туурасында Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 9-май күнү Кара-Суу РИИБге М.Ф., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 8-майынан 9-майына караган түнү арыздануучуга таандык “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын 2 даана аккумуляторлорун белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген.


Мындан сырткары Кара-Суу районунун 6 жараны да жүк ташуучу унааларынын аккумуляторлорун белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгы боюнча арыз жазышкан.


“Натыйжада арыз ээлерине жалпысынан 211 000 (эки жүз он бир миң) сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 12-май күнү М.А., жана О.А., аттуу жарандар кылмышка шектүү катары райондун аймагында кармалышкан.
Уурдоо фактысына тиешелүү далил буюм катары 13 даана жүк ташуучу унааларга таандык аккумуляторлор алынган.
Учурда жалпы 7 факт уурулук кылмышы менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”
, – деп айтылат маалыматта.

oshto ВИДЕО: Кара-Сууда уурдоо фактысына шектелген жарандар кармалды
c3db83c5 e4d0 4486 9363 ef41b8482f83 ВИДЕО: Кара-Сууда уурдоо фактысына шектелген жарандар кармалды
5f234c8b aba2 47e1 9872 3bfb68b87ace ВИДЕО: Кара-Сууда уурдоо фактысына шектелген жарандар кармалды
5458d22c ac18 4891 b4be 07572a531ac9 ВИДЕО: Кара-Сууда уурдоо фактысына шектелген жарандар кармалды