Кыргызстанга Кытайдан 500 автобус келет

Кыргызстан Кытайдын Zhongtong bus holding Co., Ltd компаниясынан газ менен жүргөн 1 миң автобус сатып алууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, автобустар бюджеттин эсебинен сатып алынып, 500 автобус Кыргызстанга быйыл, ал эми калган 500 автобус 2024-жылы алынып келет.

Белгилүү болгондой, буга чейин Бишкек шаары үчүн аталган компаниядан газ менен жүргөн 120 автобус алынган.

«Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган»,  — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Бүгүн, 20-майда президент Садыр Жапаров Цзинань шаарына болгон сапарында аталган компаниянын ишканасына барып, автобустардын өндүрүшү менен таанышкан.

Учурда сатып алынып жаткан миң автобустун бирөөсү чогултулуп, даяр болгон.

3 3 Кыргызстанга Кытайдан 500 автобус келет
13 Кыргызстанга Кытайдан 500 автобус келет
15 1200x630 1 Кыргызстанга Кытайдан 500 автобус келет
5 Кыргызстанга Кытайдан 500 автобус келет