Жогорку Кеңеш “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын сунушун четке какты

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-майдагы жалпы жыйынында карап, четке какты.

Фракциянын Министрлер кабинетин кызматтан кетирүү сунушун четке кагуу тууралуу комитеттин чечимин 48 депутат колдоп, 9 депутат каршы болду.

Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун 27-апрелде берген. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

28-апрелде “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети карап, четке каккан.