Баткенде эки милиционер тинтүү учурунда сабалды

Баткенде аткезчиликкке шектелген облус тургунунун үйүндө УКМК тарабынан жүргүзулгөн тинтүү жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери сабалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-майда болжол менен саат 22:00до мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери Кара-Бак айылынын 34 жаштагы Ж. Д аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тинтүү, тергөө аракеттери жүргөн учурда тартип, мыйзамдуулуктун сакталышын кароо үчүн милиция кызматкерлери тартылган. Тинтүү жүрүп жаткан учурда Ж.А., уулдары Ж. Д. менен Ж.Я. жана Ж. Ж. аттуу адамдар О.Т. уулу, Д.С.уулу аттуу милициянын аймактык тескөөчүсүлөрүнө кол көтөрүп, урушкан. Милициядан билдиришкендей, алар бул аракети менен аткезчилик жүктөрдү жашыруу максат кылган.

Натыйжада, О.Т. уулу жана Д.С. уулу алган жараатарынан улам 9-майда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин 2-бөлүгү (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Д.Ж., Я.Ж жана Ж.Ж аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка аталган үй-бүлөнүн мүчөлөрү такталууда.

УКМКдан билдиришкендей, тинтүү учурунда Ж.Д. аттуу жарандын үйүнөн 36 куту (анын ичинде 18 миң кутуча болгон) тамеки табылып алынган. Анын баасы алдын ала эмес боюнча 1,8 млн сомду түзөт.

b8a7c9d2 6785 4582 850c 35cc5d5d8075 Баткенде эки милиционер тинтүү учурунда сабалды