Ош облусунда 6 жыл мурун болгон кылмыштын бети ачылды

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылы декабрь айында милицияга Ж.З. аттуу жаран кайрылып, Ноокат районунун Кожо-Арык айылындагы үйдөн белгисиз адамдар 12 калибрдеги бир даана «ТОЗ-34» жана 7,63/39 калибрдеги бир даана «Сайга МК» ок атуучу куралдарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул  факты боюнча 2018-жылдын 5-январында Кылмыш кодексинин 164-беренеси (кодекстин эски редакциясы) боюнча кылмыш иши козголгон. Бир катар тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөр изин жашырып, кармалбагандыктан, козголгон  кылмыш өндүрүштөн  убактылуу токтотулган. Кийинчерээк кылмыштын бетин ачууга багытталган иш-чаралар улантылган.

Быйыл 1-апрелде милиция тарабынан бир жаран ок атуучу куралды сатуу максатында Ноокат районунун аймагында жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган. Аталган маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

2-апрелде милиция тарабынан Баткен облусунун 46 жаштагы О.Р. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын үйүнөн бир даана кара түстөгү магазини жок «Сайга МК» ок атуучу курал табылып алынган.

«Куралды тиешелүү экспертизадан өткөргөн учурда ал мындан 6 жыл мурда жогоруда аталган даректен уурдалган ок атуучу курал экендиги далилдеген. Кылмышка шектүү катары Ноокат районунун тургуну 21 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран кармалып, азыркы кезде тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирет милиция.