УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылуу боюнча кармалды

Бул туурасында УКМК маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. аттуу жаран кармалды.


“Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.С.Т. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө”
, – деп жазылат УКМКнын маалыматында.

3ec76a7c 617c 4706 9506 7c7c5585c48b УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылуу боюнча кармалды