Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 71 млн сомго жети үй курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районуна Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн жалпы жети үй курулат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, үйлөрдү курууга 71,3 миллион сом жумшоо пландалууда.

Жалпы эки сынак жарыяланган. Биринчиси 46,3 миллион сомго төрт үй, экинчисинде 25 миллион сомго үч үй куруу каралган. Ушул жылдын аягына чейин Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында үйлөрдү куруу пландалууда. Куруучу июль айынын аягына чейин тандалышы керек.

Буга чейин Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылына этникалык кыргыздар үчүн алгачкы эки батирдин курулушу башталганы маалымдалган.

Ушул жылдын 27-майында Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери курулуштун пайдубалына капсула салышкан.