Батирден 704 миң сом уурдап кеткен жаранды кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-майында О.Н. аттуу жаран Ч. Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринде кире бериш эшиктин кулпусуна туура келген ачкычты тандап, мыйзамсыз үйгө кирүү менен 704 миң 800 сом өлчөмүндөгү акчаны жашыруун уурдап, андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен адамдарга чара көрүү өтүнүч арызы менен кайрылган .

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык (уурулук) кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн иликтөөлөр жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон 1981-жылы туулган Казак жараны кармалган жана убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаарынын Ленин районунун соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады»,-деп жазылат маалыматта.