Түптүн акими Каныбек Адиев кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев кызматтан кетти. Маалыматты президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

Каныбек Адиев бул кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Түп райондук администрациясынын жетекчиси Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берген.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек.

“Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат”, — деген Султанбаев.