Тышкы иштер министри Германияга барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-25-августта иш сапары менен Германия Федеративдүү Республикасына барат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Сапардын максаты — кыргыз-герман саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулоо.

Министр Кулубаев иш сапарынын алкагында германиялык кесиптеши Анналена Бербок менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле министр Германиянын Федералдык президентинин аппаратынын жана канцлердин аппаратынын жетекчилиги, Бундестагдын депутаты жана Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо, ядролук коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо федералдык министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууларды жана кыргыз-герман экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулоо максатында Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрөт.