Монополияга каршы кызмат соода түйүндөрү менен кум шекердин жеткиликтүү баасын макулдашты

Кум шекер менен калкты жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан “Кайынды Кант” ААК, “Кошой” ААК жана “Умай групп” ЖЧК (Народный, Глобус, Достук), “Азия Ритейл” ЖАК (“Азия” ГМ), ошондой эле “Боорсок Инвест” (Алма) ЖЧК, “Шекер” оптомаркети менен калк үчүн кум шекерди сатуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлдү.

Бул Макулдашуунун алкагында биллинг системасы бар соода түйүндөрү кум шекерди суткасына 1 кг колуна берүүнү чектөө менен бир лоялдуулук картасы боюнча өндүрүүчүлөрдүн заводдорунун дүң-өткөрүү баасына 2 сом/кг жогору эмес, 1 кг ашык 7 сом/кг жогору эмес үстөк менен сатышат. Биллинг системасы жок соода түйүндөрү кум шекерди өндүрүүчү заводдордун дүң-сатуу баасына 5 сом/кг ашпаган үстөк менен чекене баада сатат.

Кызмат Келишимден келип чыккан милдеттенмелерди алууга даяр болгон башка соода түйүндөрү үчүн ачык экенин белгилейт.