Түзөтүү мекемелеринин биринин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргыткан жарандар кармалды

Москва районунда жайгашкан түзөтүү мекемесине баңгизат ыргыткан бир эки жаран кармалды, – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Ыргыткан жеринде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү скотч менен оролгон эки брикет зат табылды.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, шарттамалуу объекттин аймагына өткөрүүгө аракет кылган заттар канабис чайыры (гашиш), жалпы салмагы 454 граммды түзгөн.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

БМЖКККнын кызматкерлери Москва районунун Жазаларды аткаруу кызматынын жана ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ташыган деп шектелгендерди аныкташып, алар Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургуну 1999-жылы туулган А.Д., жана Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын тургуну 1995-ж.т. М.Б.

Соттун чечими менен 1999-жылы туулган А.Д., камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.