Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин биринде баңгизаттарды ыргыткан жаран кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Москва районунун ИИБнын жана Чүй облусунун Москва районундагы Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 42 жаштагы Р.А. аттуу жаран баңгизаттарды режимдик аймакка өткөрүп берүү аракеттенген учурда кармалган..

Жеке текшерүү учурунда шектүү жарандан скотч менен оролгон беш брикет табылган, алардын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон.

Алынган заттын салмагы 3 кг 40 гр “гашиш” баңгизаты, ошондой эле өсүмдүк тектүү жашыл түстөгү 844 грамм марихуана камтылган эки пластик бир литрлик бөтөлкө болуп, жалпы салмагы 3 кг 884 гр. түзгөн.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Москва районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.