Ысык-Көлдө Канададан келген саякатчыга милиция кызматкери жардам берди

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын инспектору, милициянын кенже лейтенанты Эрлан Асаналиев Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак бийик тоолуу аймагында нөөмөт иштерин жүргүзүү учурунда, жол четинен чыгып кетип, аӊдын ичинде тыгылып калган жол тандабастын жанынан бир адамды байкаган.

Аймактын өзгөчөлүктөрүн жакшы билген тартип сакчысы дароо окуя болгон жерге жетип бара калган. Сураштырып келгенде, жол тандабастын айдоочусу Канададан келген турист Хуанг Кун болуп чыкты. Саякатчынын айтымында, ал бийик тоолуу аймакты аралап бара жатып, жол тандабас менен жолдун четиндеги аӊга түшүп кеткен. Ушундан улам, унаа бузулуп калгандыктан оор абалда калган.

Милиция кызматкери туристке тез жардам көрсөтүп, бузулуп калган жол тандабас унааны бийик тоолуу аймактан райондук борбордо жайгашкан техникалык тейлөө станциясына жеткиргенге чейин, чет өлкөлүк жаранды өз үйүндө эки күн меймандатып жүрдү.

«Эки күндүн ичинде менин үйүмдө Канададан келген турист конок болуп, кытай тилин билген жубайым Элиза менен өз тилинде баарлашып жүрдү. Ал биздин меймандостугубузга абдан таң калып, Кыргызстандын көпчүлүк жашоочулары бактылуу болгондуктан, алыстан келген меймандарын да бактылуу болушуна көмөк көрсөткөн асыл сапаттарыбызды өзгөчө белгиледи», – дейт Эрлан Асаналиев.

Канадалык саякатчы милиция кызматкерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, Ысык-Көл аркылуу сапарын улантты.