Кореялык офтальмологдор кыргызстандыктарга акысыз операция жасоо үчүн келет

Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрынан 2-октябрына чейин Кыргызстанга кореялык офтальмологдор келет. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Мамытова “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кореянын дарыгерлери буга чейин үч жыл катары менен келип, көз оорусу менен жабыркаган кыргызстандыктарга жүздөй операция жасап кеткен.

“Бирок коронавирустан улам алар үч жылдан бери келе албай жаткан. Эл аралык кызматташтыгыбыз кайрадан жанданып жатат, ал жемиштүү болуп көпкө уланат деген ишенимдебиз”, — деди Мамытова.

Эске салсак, Бишкекте 12-26-сентябрда кытайлык офтальмологдор элдин көзүн текшерип (катаракта илдети боюнча) жана зарыл болсо операция жасайт. Алар Бишкекте 300, Ош калаасында 300 адамдын көзүнө операция жасай тургандыгы айтылган.