Пияздын баасы 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Кыргызстандын базарларында жана соода түйүндөрдө пияздын баасы 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу сатуучулар билдиргенин Марал радиосу жазды.

Жаңы жылдан кийин өкмөт чек кылып коюп берген баадан, азык-түлүктүн баасы өстү. «Ош» базарында бир килограмм пияз 60-65 сомдон сатылууда. Буга дыйкандар түшүмдүн аз болгонун жана дүң баада кымбат келип жатканын жүйө келтиришти. Айрымдар жазгы бышыкчылык келгенге чейин пияздын баасы 100 сомго жетерин болжолдоп жатышат.

Ал эми Бишкек шаарындагы «Фрунзе», «Глобус» өңдүү соода борборлорунда да акыркы күндөрү пияздын баасы 60-65 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Өлкөнүн башка аймактарында 70 сомго жеткени айтылууда.