Көз ооруларын ствол клеткалары менен дарылаган “Dünyagöz” клиникасы Кыргызстанда

Медициналык туризм, кыймылсыз мүлк тармагында иш жүргүзүп, Түркиянын белгилүү «Dunyagoz” көз дарылоо клиникасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ээ болгон «Deconsilior Group” компаниясы өлкөнүн көз дарыгерлерине офтальмологиядагы ствол клеткалары тууралуу баяндаган конференция өткөрдү. Мындай жыйындын уникалдуулугу – бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл Орто Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жатканында болду.

Ошондой эле, «Dunyagoz” клиникаларынын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү ачылып, жарандар консультация алуу үчүн бара ала турганы белгиленди. Аталган клиника көзүнөн жабыркаган адамдарга эң акыркы технология жана методикалар менен жардам берип, офтальмологиядагы алдынкы жабдыктарды колдонуп келет.

Бүткүл дүйнө боюнча офтальмологиядагы ствол клеткалары Европа жана Америка континенттерине кеңири таралып, дарылоодо колдонулуп келсе, азыр бул ыкма Түркия мамлекетине да жетип, алар башка өнөктөш өлкөлөргө тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр болууда.

WhatsApp Image 2023 01 30 at 03.25.24 Көз ооруларын ствол клеткалары менен дарылаган "Dünyagöz" клиникасы Кыргызстанда

Өз өлкөсүндө ствол клеткалары менен дарылоону биринчи болуп баштаган түркиялык Селим Доанай аттуу доктор тажрыйбасындагы видеотасмаларды кошо ала келип, операциялар тууралуу деталдуу, даана түшүндүрүп берди. Андан сырткары ал витреоретиналдык хирургия тууралуу конференцияга келген көз доктурларга терең маалымат берди.

Бул методикалардын Кыргызстанга жете электиги адистерди окутууга медициналык базанын күчү жетпегендиктен, атайын оор жабдыктардын жоктугунан улам экени да белгилүү. Мындай демилгеси күчтүү компания жана клиникалардын жардамы менен алдыда өлкөгө толук кандуу жетип калары күтүлүүдө.

dunya goz atakoy danma 2 Көз ооруларын ствол клеткалары менен дарылаган "Dünyagöz" клиникасы Кыргызстанда

Ствол клеткалары менен дарылоо ыкмасы Түркияда акыркы эки жылдан бери гана жүрүп келүүдө. Ал өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги «Dunyagoz” клиникасынын илимий изилдөөлөрүнө таянып иш кылары да айтылды.

YouTube video