Шымкенттеги карылар үйүндө 80 жаштагы жубайлар үйлөнүштү

Шымкенттеги карылар үйүндө 80 жаштагы жубайлар адаттан тыш үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү, – деп билдирет Tengrinews.kz.

Алар Шымкенттеги социалдык тейлөө борборунда жолугуп калышкан. Кашымбек Мусакулов эки жыл мурун балдардын тынчын албоо үчүн үйүнөн чыгып кетүүнү чечкен. Бул жерде ал Салтанат Ешанкоджаева менен таанышкан. 

“Сый болсо, сүйүү да сөзсүз болуш керек. Аба ырайынын начардыгынан көчөгө чыга албай калдык. Азыр шаарга, ресторанга барууну ойлоп жатабыз”, – дейт Кашымбек Мусакулов.

Кашымбек Мусакулов 80 жашта, ал эми Салтанат Ешанкоджаева 83 жашта. Ешанкоджаева көпкө чейин макул болбой жүргөн. Учурда түгөйлөр өзүнчө жашап, мамилесин мыйзамдаштырууну чечишкен.