Ишеним жараткан көзү ачыктардын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу?

Учурда көзү ачыктар, теспе тарткандар, камчы менен шайтанды кубалагандар, теңирчилер, аянчылар, элдик дарыгерлер арбын. Эгер чындыгында келгенде алар мурда башка эле кесиптин ээлери болуп, татынакай эле иштеп жүрүшкөнүн өзүлөрүнүн ооздорунан эле угасың.

Эгерде ошолорго шордуулар арыз-арманын, тагдырын айтып, аларга барбаса мындай көрүнүштөн алыс болмокпуз. Ал тургай экстрасенстердин “мелдешин” уюштура койгон “кара жашиктин” эмне үчүн эшиги жабылып калды? Анткени алдын-ала тигилер менен макулдашып алып, сценарийди чойгулаган кыйындардын жүзү “анардай” болуп акыры ачылып кетпедиби? Болбосо дагы далай укмуш төлгө салчулар аныкталып, элдин акчасын сүлүктөй сормок.

Биз практика жүзүндө көзү ачыктар кандай иштейт? Алар канча акча табат? Дегеле алардын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу? – деген суроолор менен айрым эксперттерге, көзү ачыктарга жана ИИМ кызматкерлерине кайрылдык.

Эмил Бектуров, теолог:

  • -Бизде мечиттер көп. Мусулмандар көзү ачыктарга ишенбейт, себеи ал “ширк”, күнөө болот. Адамдар жашоодо көп кыйынчылыктарга кабылат. Акыл-эси толук адамдарды деле терс кыял-жоруктарга жетелеген жаман күчтөр болот. Мындайда адамдын ичине “жин” кирип алган дешет. Негизи “жиндер” 2600 жыл жашайт экен. Адамдын ичине кирип алгандан кийин аны башкара баштайт. Ал “жин” жада калса, ошол адамдын ичине кирип алгандын жети атасына чейин билет, жаман нерселерди жасатат, башкара баштайт. Мына ушундан улам адам суицид, аракечтик, адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга барат. Болбосо, жаман экенин билип туруп өз жанын кыйганга кантип барат? Муну кантип түшүнсө болот? Бул абал адамдын жинге жетеленип жаткандыгы деп түшүнсө болот.
  • Ошол жиндерди адамдан чыгарган мыкты адистер да бар. Жаман ойлорго азгырган терс көрүнүштөрдөн арылтууга көмөктөшүүчү аракеттерге басым жасаганыбыз туура.
WhatsApp Image 2023 01 26 at 14.26.49 1 Ишеним жараткан көзү ачыктардын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу?

Ички иштер министрлиги табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбөөгө чакырат

Ведомствонун басма сөз кызматы алар адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар экендигин баса белгилейт.

«Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты сиздин ден соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз. Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өз тузагына илишет. Чындыгында, аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз», – деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги сиз же сиздин досторуңуздун ден соолугунда көйгөйлөр жаралса, медициналык мекемелерге кайрылууну сунуштайт.

«Эгер сиз жагымсыз жагдайга туш болуп калсаңыз, анда бул жөнүндө ишенген жакындарыңызга, досторуңузга же атайын психологго айтып бериңиз. Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз же кылмышка күбө болсоңуз, дароо милицияга «102» телефону аркылуу байланышыңыз», – деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Бир мезгилде “Коомдук биринчи каналда” “Аалам сырлары” деген долбоор ачылып, аягы ызы-чуу менен коштолуп акыры жабылган. Программа чыныгы касиетке ээ болгондорду издөө максаты менен ачылган. Кийин аферисттер көп экенин байкап, эл тагдырын кимге карматып жатканын билиши керек деген максатты көздөй баштаган. Бул долбоорду ишке ашырып жана алып барган Назира Айтбекова бүгүн, өткөн-кеткенди эстеп, берүү тууралуу кызыктуу нерселерди ачыкка чыгарган.

R 68 Ишеним жараткан көзү ачыктардын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу?

Назира Айтбекова: “Чын эле касиеттүүлөр бар”

Назира Айбекованын айтымында, Фатима атту көзү ачык анын башын улам кармап, чачылап кармагылап “жакында сенде салют болот” дей берген улам-улам, “баары сени сөз кылышат” деген.

  • Ал мени башка мамлекеттерде да сөз кылышат деген. Буга мен ишенбей койгом. Ошондо “Супер Инфонун” оюну бүт ааламга угулду, бүт жаңылыктардан берилди. Фатима эже андан кийин да салют болот деген. Чындыгында ошондой эле болду. “Аалам сырларынын” ызы-чуусу салют болду.
  • Айтбекова көзү ачык берүүсүгө даярдык көрүп жатканда чачтарынан дагы ушинтип кармай бергенден улам андан качып калганын айтты.
  • “Ошондой эле, Асель эже транска кирип кетип, кадимкидей сүйлөшөт эле арбактар менен. Бирок, эфирде тантып башка нерселерди айтып, сүйлөп койчу.

Ошол долбоорду жасаганыма өкүнбөйм. Сыймыктанам! Ошол жолду басып өтүшүм керек болчу. Ал учурду сүйүү менен кабыл алам. Атыбызды сатып, аркабызга канжар ургандарды да кечирдим жана бошоттум. Силер мени чоңойттунар. Жашоого көз карашымды өзгөрттүңөр. Тарбия бердиңер! Токоч бөлүп жеген жакыныңды саткан ушундай болот деп көрсөтүп, оор жүктү мойнуңарга алдыңар. Жон терим менен сездирттиңер. Рахмат силерге! Программа тууралуу кызыктуу фактылар жана кеңештер:

* Касиет бар! Сыйкыр дүйнө да бар.

*Байкаганым боюнча келечек кадамыңарга жараша кубулуп турат. Өзүңөр каалагандай жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүн! Жараткандан сурагыла. Сөзсүз берет.

*Келечекке төлгө салдырбай эле койгонуңар оң. Ар ким өз программасын өзү түзөт дегенге ишенем.

*Бирөөгө дуба окутпагыла! Силерге болбосо, балдарыңарга сөзсүз тиет.

*Жамандык, наадандык кылыш үчүн көз ачыкка барбагыла. Жоготконду табууда жардам сураганы кайрылгыла.

*Көз ачыктар жөн гана психологдор, аферисттер, кара магдар, ак магдар болуп бөлүнөт. Баары бирдей эмес.

*Программадагылардын баары чындык болчу. Алдын ала сценарий жазылат деген миф.

*Программа жана программаны түзгөндөр УКМК, Прокуратура аркылуу дыккат текшерүүлөрдүн негизинде программа таза жана так өтүлгөнү тастыкталган.

*Атыбызды кирдеткендер сотко берилип, сотту жеңип чыкканбыз.

*Программадагы 10 катышуучунун 2 – 3 гана чыныгы касиетке ээ болгондор. Калганын шоу уюштуруу максатында өзгөчө транска киргендерди, өзгөчө кийим кийгендерди, жаш курагы жаш болгондорду же жүрүм – туруму күлкүлүү болгондорду кошуп жиберчүбүз.

*Эң көп чоңдор кезекке туруу үчүн кайрылышчу. Арасында эки жүздүүлүк кылып эфирде каршы чыккандар да болгон.

*КТРКдин тарыхындагы рейтинги бийик программалардын катарын толуктап, болуп көрбөгөндөй резонанс жараткан.

*Чет өлкөдө мындай берүүнү жасоодо уюштуруучу топто 100 дөгөн адамдар болсо, Кыргызстанда 3 гана адам жасаган.

*Менин баамдагы күчтүү экстрасенстер: Фатима, Фарида, Асел эже жана маркум Кубаныч байке.

*Эфирден сырткары кечээ каякка бардым, эмне жедим, каякта жашайм, кайсы коллегам мени жаман көрөт суроолору менен тажатчубуз.

Жаңыл ажы

Мен өзүм бул материалды даярдап жатканда, Жаңыл ажы деген көзү ачыкка бардым. Элдер аны жакшы, жакшы карайт, баарын так жана даана айтып берет дешти. Барганда эле үйдүн кире беришинде суу чачык көрдүм, бир башкача аурага кирип бараткандай сезилди. Жаңыл ажы өзү апапак кийинген, жашы өтүп калган аял экен. Ал мага дароо эле ишенип-ишенбей келгенимди айта салды. “Бысмыллда”, дегенде эле “ашказаның ооруйт, эгер дарыланам десең мага күнүгө келишиң керек, бир күн караганым эки жүз сом” деди. Мен эч нерсе айтпай эле, “ойлонуп көрөйүн” дедим. Ичимен эмнеге келдим экен, бул эч нерсе деле айтпай турбайбы, башкага эле барбай, деген суроолор улам жаралып жатты.

“Эгер келем десең, туз, кум шекер, чай алып келесиң, мен аларга дуба кылам, ошентип сага дем салам, себеби сенин үйлөнүү тоюңда бир аял сага кара дуба кылган” десе боло. Мен дароо аң-маң боло кетип, тердеп, ал ким болду экен, кандай аял экен деген суроолорду узатып жаттым. Ошентип, өзүмө кызыктуу суроолорго жооп алып, ага рахмат айтып кете бердим. Негизи бул көзү ачык, элдин айтымына караганда, ооруга чалдыккандарды дарылап, “көзүңдү жум, деп колдору менен бир жаңсоолорду кылат экен. Мага да дал ошондой нерсе кылып жатканда көзүмдү кичине ачып улам карасам, колдору менен өзүнүн бет алдына тоголокторду бармактары менен жасап жаткан экен. Күлкүм келип, араң чыдап отурдум, жарым саат мен тууралуу бир нерселерди айтты. Өзү намазга жыгылып, ар дайым таза жүргөн аял.

R 67 Ишеним жараткан көзү ачыктардын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу?

Дагы бир күчтүү көзү ачык Бишкекте элдерди кабыл алат. Кадимкидей жарнамасы бар, күчтүү табып. Бир кабыл алганы эле 3 000 миң сом турат. Баарын тизмектеп айтып берет, ата-тегиңен тартып келечекте эмне жасаш керектигине чейин божомолдойт. Транска кирип да кетет. Анын айтымында, ар бир кишини караганы ага оор түйшүк жаратат. Ага барган адам толук ишеним менен баруусу керек, ишенбегендерди кууп чыгат. Айрымдарын сөгүп да салат. Адамдын эмне менен алектенгенин, жаман адаттарын таштоосун, жакшы жолго үндөп, арбактарга ар дайым куран окуп турууну эскертет. Ким кимге таарынып, арбактар менен түз сүйлөшкөн да касиеттүү күчү бар. Ичкиликке, баңгизатка берилген адамдарга жардам берерин да уктук. Көбүнчө адамдардын жашоодогу буулуп калган жолдорун ачып, “кара дубаларды” жандырат. Бирок ал дагы “кара дубанын” канча жыл болгондугуна жараша чечилет деп бир сумманы айтат.

Кара дубанын таасири окутулган адамдын коргонуу
системасы жок болсо, толук тийиши мүмкүн. “Дубаны дуба кайтарат” дейт, ал адам өзүнө тийиштүү сүннөт дубаларды, келмелерди келтирип жүрсө, андай жаман дубалардан оолак болот.

image 39 Ишеним жараткан көзү ачыктардын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу?

Ырчы Нурлан Насип өзүнүн социалдык баракчасына үйүнүн эшигинин алдына белгисиз аял кара майда нерсе чачып кеткенин айтты. Бул жагдай камерага түшүп калган.

«Аалымдардан сурасам, кара дуба дейт. Бул нерсени менин үйүмдү жакшы билген адамдын буйругу»,-деп ойлойм деп жазды:
«Негизи бул постту киргизсемби же жокпу деп аябай ойлондум. Акыры бөлүшүүнү чечтим. 25-Январь күнү саат 11:47 убакта, мен жашаган батирдин босогосуна келип атайын бир нерсе себип кетиптир. Аалымдардан сурасам, кара дуба деди. Бул видеодогу эжени билгендер болсо айтып коюңуздарчы байланышка чыксын. Тааныгандар болсо дайректке маалымат берип койсонуздар сураныч. Душманды алыстан издебе дейт муну менин үйүмдү жакшы билген адамдардын заказы деп ойлоп жатам. Эгер табылбаса,интернетке жүзүн таратып,табабыз. Дубадан алыс бололу туугандар. Аллахым өзү сактасын»-деп жазды ырчы.

Кийинчерээк, ырчы видеокайрылуу жасап, ал видеодогу аял келгендигин билдирди.

“Кара дуба” чачкан аялдын видеосун сиздерге сунуштайбыз:

323950402 1901205686922779 6443905375076412589 n 768x444 1 Ишеним жараткан көзү ачыктардын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу?
Нурлан Насиптин эшигинин алдына чачылган нерсе

– “Тиги төлгөчүнүн дубасы өтүп кетиптир” деген нерсе – анын аброюн көтөрүп жаткан нерсе.
Биз күндүзү жүрүп калабыз же түндөсү, анан биздин жаныбызда дайыма жин-шайтандар да аралашып жүрөт. Адамга таасир этип калганын байкабай калабыз. Кээде жүрөгү сыгылып,
кулактарына шуулдаган үндөр угулуп калат. Медициналык аппараттарга түшсө таза чыга берет.
Бирок адам уктай албай, кыжалат болуп, кыйнала берет. Мына ушундай учурда көзү ачыкка барса, ал “силерге кара дуба түшкөн” деп айтса, ал оорулуу адам ого бетер ооруп калат.
Орусча айтканда, “самовнушение”. Жин окуган атайын адамдар бар, ошолорго кайрылып жинин куудуруп салса, ал адам айыгып кетет. Көздүн сугу түшүп калышы мүмкүн, көз түшсө
кабыргага чейин алып баруучу күчү бар дейт. Адам баласы мындан да коргонуп жүрүшү керек.
Жин-шайтан, көз, сөз тийбеш үчүн анын тиешелүү дубаларын окуса, андан арыла алат.
Ошондуктан кара дубага ишенүү менен мамиле жасабаңыздар. Кара дубага ишенсең, бул дубанын таасирин күчөтөт. Кара дубадан коргонуу үчүн Фатиха, Аятул Курси, Кафирун, Ихлас, Фалак, Ан Нас сүрөлөрүн окусаңыз болот, – дешет дин аалымдары.

Учурда аалдын-ала айткан айтымчылар, тагдырды таш менен карап айткан көзү ачыктар толтура. Бирок өз мезгилдин айтымчы менен олуялары бар. Өз мезгилинин кыраан олуясы Калыгул атанын учурдагы заманга болгон ыр саптарын эске салалы…

Узун чөбүн оруп алаар,
Кыска чөбүн коруп алаар.
Караңгы болуп мурункулар,
Атадан бала кыйын чыгаар.

Жеген-ичкен башчың болоор,
Акыры барып качкын болоор.
Аял билген заман болоор,
Эр жигитке жаман болоор.

Никесиз бала төрөлөөр,
Көбөйөр күкүк энелер.
Ачуу суу суудай ичилээр,
Жинди болоор кишилер.

Базарга туруп каз-катар,
Көчмөн кыргыз ак сатаар.
Төө уурдаган кутулаар.
Тоок уурдаган тутулаар.

Жети үйдүн бири молдо болоор,
Ар бир үйдө темир жорго болоор.
Үйүңдүн сырты дубал болоор,
Жолоочу кирбей убал болоор.

Оозуңдан түтүн буркураар,
Жабыркап өпкө тумчугаар.
Кичинекей куту чыгаар,
Сүйлөп берээр чукусаңар.

Маскөөдө жүрсө уулуңар,
Үйүңдөн сөзү угулаар. 
Темир минип учаарсың,
Куштай болуп сызаарсың.

Уулуңдун чачы узун болоор,
Кыска чачтуу кызың болоор.
Эл ташыган унаасын зымга байлаар,
Чайың дагы, тамагың дагы зымга кайнаар.

Чубалып узун сүйрөлгөн,
Сапарың болоор үйлөрдөн.
Сакалы жок атаң болоор,
Аны баласы сакал коёр.

Заман болоор ушундай 
Көрөөрсүң кийин балдарым.
Караңгы тартып көздөрүм,
Көрбөй койду ар жагын.

Калыгул олуя (1785-1855)ж.ж.