Депутат Бактияр Алиевге:”Сиз көзү ачыксызбы? Же бардык ишкерлер менен сүйлөштүңүзбү?”

Депутат Кундузбек Сулайманов («Ата-Журт») бүгүн, 2-декабрда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» фракциясынын жыйынында дем алыш күндөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндөргө айып пул салуу маселесин көтөрдү.

Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев ишкерлер камсыздандыруу төлөмдөрүн көбүнчө дем алыш күндөрүнө чейин төлөшөрүн түшүндүрдү.

“Уюшкан сектор көбүнчө өз убагында төлөйт. Төлөм мөөнөтү – болжол менен ишемби жана жекшембиге туура келерин билип туруп, жума күнгө чейин баарын төлөшөт”, – деп түшүндүрдү Алиев, бирок депутат анын сөзүн бөлдү.

Кундузбек Сулайманов ишкерлерди күнөөлөбөөгө чакырды.

“Сиз көзү ачыксызбы? Же бардык ишкерлер менен сүйлөштүңүзбү? Тескерисинче, дем алыш күндөрү айып пул төлөбөш үчүн эмнеге сунуш киргизбейсиңер?”, — деп суроо салды депутат.

Соцфонддун жетекчиси мындай норма буга чейин иштеп келгенин түшүндүрүп, бул маселе боюнча Мамлекеттик салык кызматы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да билдирди.

Депутатттын өзгөртүүлөр качан киргизилет деген суроосуна Алиев 2023-жылы деп жооп берди.