Жеңишбек Токторбаев ИИМге суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал, 2-декабрда Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу каралып жаткан “Ата – Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Депутат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Мукановго кайрылып, мурда ММК (ФОМС) фонду өкмөттүн карамагында болсо, азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында экенин эске салды.

“Сиздердин фонддун милдети кандай? Сиздер Саламаттыкты сактоо министрлигинин коопсуздук кызматысыздар, б.а. министрликтин кызмат көрсөтүүнүн сапатын көзөмөлдөшүңүздөр керек. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындасыздар, ал эми министр сиздин жетекчиңиз, демек, сиз департаментти көзөмөлдөй албайсыз. Кантип аны текшересиз? Бул ачык эле коррупция. Сиз аталган министрликти текшерген убакта, сиздин арыз жазып жумуштан кете берүүңүздү айтышат.

Сиз буга чейинки парламенттин жыйынын көрсөңүз керек, мен шайлоочулардын талабын айтсам, азыр прокуратура бизге кысым көрсөтүп жатат. Бүгүн Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан чалып, келбесеңиз, анда күч менен алып келебиз деп жатышат.

Мен эмнени айткым келди. Тергөө функциясын прокуратурага өткөрүп бергенден кийин алардын ыйгарым укуктары абдан кеңейип, күчтүү мекеме болду: өздөрү иш козгоп, өздөрү тергеп, токтотуп, кааласа өздөрү сотко кайрылып, мөөнөт сурашат. Бул коррупциянын ачык белгиси. Ошондуктан мен депутаттардан тергөө функциясын алардан алып салууну сурандым. Россиядагыдай Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Тергөө комитети деген өзүнчө орган түзүү зарыл. Эгерде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду да Саламаттыкты сактоо министрлигинин тарабынан башкарылса, сиз агенттикти көзөмөлдөй албайсыз. Аны кайра өкмөткө беришибиз керек. Эми силердин укугуңар жок, моралдык жактан да, каржылык жактан да текшере албайсыңар”, – деди Токторбаев.

Эскерте кетсек, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган. Ага чейин аталган депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.

Сурактан чыккан Жеңиш Токторбаев социалдык тармактагы баракчасына:

“Мени мындай жолдор менен коркутуп токтото албайсыңар. Мен сенден эмес Жараткандан жана эл алдында берген антымдан гана корком! Кимдин-ким экенин, кайсыл жактан, кантип дем алганын өтө жакшы билем. Мындай иш аракеттердин арты жакшылыкка жеткирбесин эскертем.

Өткөн күндөргө сарасеп салып, бүгүн ким экениңди унутпоо үчүн Шералынын чокоюн төрүңө илип кой. Бул бүгүн башкы прокурор болсоң эртең адвокат болуп калбашыңа жардам берет”. – деген өңүттө пост жазып, бирок бир нече убакыттан соң өчүрүп салган.