Кара-Балтада ишкерди атып кетишти

Кара-Балта шаарында 1-декабрда 49 жаштагы жаран киши колдуу болгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-декабрда саат 07:48де чамасында Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын Западный кварталында белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, Кара-Балтанын Западный кварталындагы гараждардын биринде 49 жаштагы Х.И. аттуу жаран баш жагына ок атылып, өлтүрүлгөнү аныкталган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Учурда иш боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө амалдары улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, маркум ишкерлик менен алектенген.