“Саке Сокеден акча алган”: Атамбаев кайрадан соттон чыгарылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Сот отурумуна мурунку президент Алмазбек Атамбаев конвойлордун коштоосунда алып келинди.

Бирок, көп өтпөй Алмазбек Атамбаев сот отурумунан чыгарылды.

Анын айтуусунда, ден соолугунун начарлаганына байланыштуу ал көп убакытка бутуна тура албайт. Анын атайын дарыгердин көрсөтмөсү бар.

Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон акча алган деп айтты. Ошондой эле ал прокурорлорду сөктү.