Бишкекте кыз ала качууга аракет кылгандардын бири колго түштү

Бишкекте адам уурдоо аракетине шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү милицияга К.А. аттуу жаран «Н» аттуу жигит жана белгисиз адамдар түнкү саат бирде Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын бирине жакын жерде физикалык күч колдонуп, «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын багажына салып, уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Бирок окуяга күбөлөр кийлигишип, жигиттер качып кетишкен.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-165-беренеси («Адам уурдоого аракет кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуяга катышкандардын бири 1995-жылы туулган З.Н. кармалып, ал тергөө кызматына жеткирилген. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция окуя болгон жерди аныктоо жана башка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча иштерди жүргүзөт. Учурда тергөө иштери уланууда.