Сапар Исаков Оштун экс-мэринин уулуна өкүл ата болду

Фото: Kaktus_media

Экс-премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевдин уулуна өкүл ата болду.

ММКларга өздүк булактар билдиргендей, Кадырбаев жакында уулун үйлөнтүп, үлпөт той Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде өткөрүлгөн. Анда уулуна мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков өкүл ата болгону жарыяланган. Тойго Сапар Исаковдун жубайы катышкан.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков 2020-жылдын 9-июнунда Биринчи май райондук соту тарабынан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдагы октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө качып кеткен. Кийинчерээк ага издөө жарыяланган.

Ал эми Айтмамат Кадырбаев 2014-жылдын 15-январында Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, бул кызматты 2018-жылга чейин аркалаган.