“Жер сатуу былыктары ачыкталчудай”: Кадырбаев менен Ормоновго кылмыш иши козголот

Бул туурасында Азия News гезити жазды.

Орган кызматкерлери Ош мэриясынын буга чейинки иштерин текшерүүгө алышып, бир топ мыйзам бузууларды таап чыгышыптыр. Бул боюнча өздүк булагыбыз кабарлады. Негизинен жер сатуу былыктары ачыкталчудай. Натыйжада, экс-мэр Айтмамат Кадырбаев менен Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жапарбек Ормоновдун камалары күтүлүүдө.

Айтор, абалдары чатак! «Соодалашып» эле кетишпесе…