Акаев: “Парламенттин депутатына мындан ары Жогорку Кеңештин макулдугусуз кылмыш ишин козгосо болот”

23-май күнү Конституциялык сот Жогорку Кеңеш үчүн кооптуу чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйыныда депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, аталган чечимде мындан ары Парламенттин депутатына Жогорку Кеңештин макулдугусуз кылмыш ишин козгосо болот. 

“Биздин Регламентте жана Баш мыйзамда да так жазылган.

78-берененин 1-пунктунда: ЖК депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүнү жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмүкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо ЖК депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет. 

Демек, Конститутциялык соттун чечиминен соң биз Регламентти да өзгөртүшүбүз керек”, – деди Акаев.

Ал бул боюнча Конституциялык сотко кайрылганын билдирди.

“Төлөндү Самаков атту жаран эмне үчүн депутаттарга Жогорку Кеңештин макулдугу менен иш козголуш керек деп кайрылыптыр. Аны министрлер кабинети туура көрүп, акырында Конституциялык сот ушундай чечим чыгарды.

Депутатка кылмыш ишин козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек да. Эгер ал кылмыш кылып жаткан учурда кармалса, анда маселе жок. 

Мындан ары мал-чарбачылыгы, дыйканчылыктан башка нерсе сүйлөбөй калабызбы?

Ушул чечими үчүн Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керек. Өзү баш болуп Баш мыйзамды бурмалап жатат”, – деди депутат.