Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан расмий түрдө кечирим сурады.

Ал өз сөзүндө, сынды кабыл ала турганын айтып, «Менин Жогорку Кеңештин депутаттарынын конституциялык укуктары менен милдеттерине, статусуна доо кетирүүгө укугум да, оюм да болгон эмес», – деди.

«Ошондуктан кандайдыр бир эмоциялар, керексиз сөздөр болсо… Мен расмий түрдө кечирим сурайм, урматтуу депутаттар. «Мен буга чейин бир нече жолу массалык маалымат каражаттарында кечирим сурадым», – деди ал.

Анын сөзүнө бир катар депутаттар нааразы болушту.

Эске салсак, Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттары менен бир нече жолу кайым айтышып, Министрлер кабинетинин төрага орун басарлыгына жаңыдан дайындалганда мындан ары аткаруу бийлигинин “кылы кыйшайбай” турганын, алар мурдагыдай парламенттин көзүн карап иштебей турганын билдирип, “Жер тепкилесеңер дагы биздин кылыбыз кыйшайбайт!” деп айткан.