«Айфон 14 про макс» алып бербесеӊ-интернетке чыгарып, туугандарыӊа  уят кылам»

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмунө Ош шаарынын  25 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда белгисиз аял анын сүрөттөрүнө  жагымсыз  жана анын намысына, жүрүм-турумуна  шек келтирген сөздөр менен кошуп интернетке чыгарамын деп курулай доомат  коюп  телефон, же анын баасын акчалай талап кылып жаткандыгын билдирген. Ал аял эгерден «Айфон 14 про макс» үлгүсүндөгү телефонду алып берсе,  интернетке чыгарбай тургандыгын айткан.

Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн  кызматкерлери тарабынан  шектүү жаран тарабынан жабырлануучудан 60 миӊ сом акча  алып жаткан учурда кармалды. 

Ал коншу мамлекеттин жараны, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1998-жылы туулган Ш.И. аттуу аял экендиги аныкталды.  Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 11-сентябрда Ош шаардык соту тарабынан 2 ай абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан КР кылмыш кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө журуп жатат.