Унаа” каттоо бөлүмдөрү системанын бузулушуна байланыштуу ишин токтотту

ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси токтоп калуулар байкалууда.

Бул бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу.

Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат”, – деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.