Бала бакчалардын директорлоруна тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө дагы бир жолу эскертилди

Октябрь акимчилигинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачеванын катышуусунда бала бакчалардагы балдардын сапаттуу тамактануусун уюштурууга көзөмөлдү күчөтүү максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору менен жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева №173 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жагымсыз абал түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ар бир жетекчи мындай кырдаал жаралганда райондук билим берүү башкармалыгына  билдирүүсү керектигин эскертти.

Ал ошондой эле борбор калаадагы билим берүү мекемелери үлгүлүү болуп, мындай окуялардын алдын алуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары мэрдин орун басары ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды.

Белгилеп кетсек, берилген тамак-аш азыктарын такай көзөмөлдөө жана жакшыртуу максатында мындай жолугушуулар борбор калаанын бардык райондорунда пландалууда.