Депутат порнографиялык материалдарды тараткандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады

Депутат Нурбек Сыдыгалиев порнографиялык материалдарды тараткан уюштуруучуларга жазаны күчөтүүнү сунуштоодо.

Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүү коомдук талкууга коюлду.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин азыркы редакциясында порнографиялык материалдарды таратуу, жайылтуу, жарнамалоо жолдору толук ачылбай калган деп эсептейт. Бул, Сыдыгалиевдин айтымында, порнографиялык материалдарга байланышкан кылмыштуулукка каршы натыйжасыз күрөшкө алып келет жана аны жасагандар, уюштуруучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Кылмыш-жаза мыйзамдарында сойкуканаларды уюштуруу үчүн жоопкерчилик бар. Бирок порнографиялык материалдарды таратууга катышкан уюштуруучуларды жазалоо боюнча норма жок.

Депутат порнографиялык видеотасмаларды коомчулукка жайылтуу масштабдуу көрсөтүүгө уруксат берген сайттарда түз эфирде көрсөтүлүп жатканын белгилейт.

Мыйзам долбоорунда кылмыштын мындай түрлөрүн жасагандыгы үчүн уюштуруучуларга карата жазаны катаалдатуу, тактап айтканда, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазалоо сунушталууда.