Ысык-Көлдө эс алып жүргөн өзбек жараны милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди

Бул туурасында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

маалыматка караганда, 2023-жылдын 1-август күнү Ысык-Көл облусундагы “Аврора” эс алуу жайында кызмат өтөп жүрүшкөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Искендер Тимурлановго, милициянын старшинасы Эрлан Талгартбековго жана милициянын кенже сержанты Мирбек Табалдиевге Өзбекстан Республикасынын 55 жаштагы жараны кайрылып, баалуу буюмдарын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.

“Ошол замат полктун кызматкерлери эс алуу жайдын айланасына издөө жүргүзүп үюлдук телефонду таап беришкен. Милиция кызматкерлеринин ыкчам ишине баа берген турист, аларга ийгилик каалап, терең ыраазычылыгын билдирген”, – деп айтылат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынын маалыматында.