Алматыда көп кабаттуу үйдөн тутанган өрттөн отуздан ашуун киши жабыркады

Казакстандын Алматы шаарынын Аккент кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган өрттөн отуздан ашуун киши жабыркады.

Алардын көбү балдар экенин калаанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Тилсиз жоо 16 кабат үйдүн бешинчи кабатында тутанганын, учурда өрт өчүрүлгөнүн, тургундарды куткаруу жана эваукация иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар департаменти маалымдады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо үйдүн алдында турган адамдарды көрүүгө болот. Алар төшөк, килем жайып батирлеринен секирген тургундарды кармап калууга аракет кылып жатышат.

Өрткө эмне себеп болгону жана канча аянтты каптаганы белгисиз.

Бул окуядан кийин өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталышы боюнча талкуулар кайрадан көтөрүлдү.