Эки буту, кабыргасы сынган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинди

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыкта күч органдары тарабынан кармалып, эки буту кабыргасы сынган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинди.

almata 3 Эки буту, кабыргасы сынган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинди

Маалыматка караганда, ал учурда травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди. Дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышты.

image 12 11 Эки буту, кабыргасы сынган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинди

Эске салсак, буга чейин Сыдыковдун жакындары эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбекти казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.