АКШда жол кырсыктан кыргызстандык жаран каза болду

Америка Кошмо Штаттарында жол кырсыктын кесепетинен кыргызстандык жаран каза болду. Бул маалыматты Америкада жашап жаткан Элнура Молдокадырова билдирди.

42 жаштагы Б.С. башкарып бара жаткан жүк ташуучу автоунаа Филадельфиядан чыккан. Ал дагы бир жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, айдоочу окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми экинчи транспорт каражатындагы айдоочу менен жүргүнчү жаракат тууралуу айткан эмес.

Э.Молдокадырова жергиликтүү бийликке шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, кырсыктын катышуучулары соо абалда болгон. Ошондой эле коопсуздук курун тагынып отурган.

Маркумдун денесин айылына жеткирүү үчүн туугандары каражат топтоп жатышканын кошумчалады.