Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө

Бүгүн, 1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө.

FB IMG 1688201819922 Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Иш-чарага бүгүн расмий түрдө старт берилип, «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль башталды.

Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада-салты менен таныштырышууда.

Андан сырткары, кыргыз-казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүүдө.

Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтып, салттуу музыка сынагы да болууда.

Улуу ойчулдарга арналган илимий конференция түштөн кийин Каракол шаарындагы Карагат мейманканасынын конференция залында болот.

Иш-чара 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат.

FB IMG 1688201841785 825x452 1 Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө
FB IMG 1688201826585 825x452 1 Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө