Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?

Фейсбук колдонуучусу Эрнис Жээнтаев Асман шаары боюнча фактылар менен далилдеп ал долбоор плагиат экендигин айтып чыкты. Төмөндө анын жазгандарын эч өзгөртүүсүз беребиз:

“Түз эфирди көрүп чыктым. Шаардын проектисин да көрдүм.

Биринчи пайда болгон суроолор:

Эмнеге проекттер 3-5-7 жыл мурун чыккан ар кайсы видеолордон кыркылып монтаждалып жасалган?

Мисалы:

1) Биринчи сүрөттө Оверсток компаниясынын офисинин сүрөтүн колдонгон? Ал офистин сүрөттөрү бул шилтемеде: https://www.glassdoor.com/…/Overstock-com-Office-Photos…

2) Экинчи сүрөт сегиз жылдыз сыяктуу мечет. 2020-жылы Хусам атту дизайнердин жасаган эмгеги. Бул проект инвесторлор менен авам айткандай күнү-түнү тынбай иштеп жасаган эмес, эски проект болуп турат. Шилтеме: https://www.facebook.com/…/pb…/151256616504483/…

3) 3-сүрөт Тадж-Махал мечети. Асман шаарыны да Тадж-Махалы болобу?

4) Суу үстүндөгү мечет. Бул проект 2020-жылы Пиру шаарына салынчу Нурул Ясин мечеттин долбоору. Шилтеме: https://www.mitratoday.com/lagi-rencana-pembangunan…/

5) 5-7-сүрөттөр. Эмнеге инвестордун айтуусу боюнча күнү-түнү тынбай иштеп чыккан проект менен шаардын жалпы көрүнүшүндөгү проект окшош эмес? Суу жээгиндеги мечет, высотка үйлөр жок. Кээ бир кадрларда паром сүзүп өтө алгандай чоң дарыя бар, а картада дарыя жок?

6) Мексикадагы Сочимилько шаарындагы 7 жыл мурунку Liverpool Store магазининин проектисин коюп койдуңар? Шилтеме: https://sojoarchitects.com/portfolio/paseo-xochimilco/

YouTube video

Экинчи cоода борбору – Тадж Моол. Бул Палестинанын Рамалла шаарына салына турчу проект. Шилтеме: https://www.archibaseplanet.com/blog/view/9536.html

Презентацияңардагы башка проекттерди да шашпай издесе түп нускасы чыгат. Эмнеге инвесторлоруңар мындай мамиле кылып жатат? Же эски проекттерден монтаждап элге көргөзө беребиз деп алдын ала сүйлөшүлдү беле? Презентациянын автору Мухек мырза да башында күнү-түнү тынбай эмгектендик деп айтты(КТРКнын түз эфиринде 29 минутада айтат). Дагы уялбай 3Д моделин түзүп чыктым дейт. Авторлору башка болуп жатса кантип мен жасадым деп жатат?

Буга чейин билек түрүнүп иштеп келдик, мындан кийин да ушундай эле иштей берсек 5-10 жылда бүтөбүз дейт. Буга чейин башка проекттерди “пихать” этип(плагиат кылып) келсе дагы деле “пихатьете” береби?

Садыр Жапаров да өз сөзүнүн башында эле(1:31 мүнөттө) кылдат иштелип чыккан Асман шаарынын долбооруна күбө болуп турабыз деди. Кылдат иштелген долбоор ушундай болобу? 5-6 видеодон монтаждап презентация жасоого күнү-түнү эмес 20 мүнөттүк убакыт кетет.

Баардык эле долбоор таза иштесе жакшы деп эсептейм. Бирок сиз айткандай “быссымылда” дегенде эле “инвесторлоруңар” эски долбоорлорду Асман шаарыныкы деп элге көргөзүп жатса кандай болот?

Мамлекет бир да сом короткон жок деп жатасыз, “инвесторлоруңар” деле бир цент короткон эмес окшойт? Кандай ойлойсуз Жапаров мырза?

Сиз айткандай акылдуу шаар куруу, өтө тыкыр пландоону, эксперттик жана координациялык аспекттерди талап кылган абдан татаал технологиялык процесс.

А презентацияңар плагиат же эски.

Андай болсо презентацияңарды Асман шаарынын долбоору деп атабай эле койбойт белеңер?

Ушундай шалаакы иштериңерге кантип унчукпай коёбуз?

Суроолорум мыйзам бузган жок деп ишенем.

Тийишти деп камап салбагыла”, – деп жазган Жээнтаев.

overstock hq Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?

356819164 6176518645800795 3399650110679222450 n.jpg?stp=dst jpg s600x600& nc cat=104&ccb=1 7& nc sid=730e14& nc ohc=JYFbAkwk 8gAX9h5vy8& nc ht=scontent.ffru1 3 Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?

357400946 6176524745800185 458215608113557835 n.jpg?stp=dst jpg p480x480& nc cat=105&ccb=1 7& nc sid=730e14& nc ohc=6mt5w1tgkRQAX EfGiV& nc ht=scontent.ffru1 3 Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?

357091091 6176560902463236 7252648821724158121 n.jpg?stp=dst jpg p417x417& nc cat=104&ccb=1 7& nc sid=730e14& nc ohc=eKoc2gSmLVMAX8 KDI9& nc ht=scontent.ffru1 3 Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?

356637338 6176590035793656 8721953146016698633 n.jpg?stp=dst jpg p526x296& nc cat=102&ccb=1 7& nc sid=730e14& nc ohc=olJB2tDt 9kAX UVUb9& nc ht=scontent.ffru1 4 Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?

и ещё 2

357400946 6176524745800185 458215608113557835 n Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?
Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?
Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын долбоору плагиатпы?