Дагы ката: унаанын артындагы сөз ката жазылган

Социалдык түйүндөргө Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий тилде ката жазылган сүрөтү жарыяланды.

Анда Республикалык кан борборуна таандык унаанын артындагы сөз ката жазылганын көрүүгө болот.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун ката жазылган аталышы кызуу талкууга алынган.